Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.
Жол тармактарын реконструкциялоого тоскоол болгон объектилерди алуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.
Арча-Бешик конушундагы Жайыл Баатыр көчөсүндөгү №35-282 жер тилкесинде жолду реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан туурасы 8,5 метр, узундугу 12 метр болгон турак-жай бузулду.
Буга чейин инспекторлор аталган турак жайдын ээсине турак жайды өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.