Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 77 жылдыгына карата №49 А.Толубаев атындагы мектептин базасында Аскердик даңк музейи ачылды.

Музей Биринчи май райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраевдин демилгеси менен  Биринчи май муниципалдык администрациясынын, мектеп жетекчилигинин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен түзүлдү.

Музей эки залдан турат, биринчи залда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Асаналы Толубаевдин жеке архивинен алынган анык материалдар, Советтер Союзунун Баатыры Д.М. Кырбашевдин  жеке жана фронттук фото-сүрөттөрүнүн экспозициясы коюлган, генерал В.Павленконун китеби, Бүткүл союздук Карбышев кыймылы: корреспонденциялар, вымпелдер, генерал Кырбашевдин кызы Е.Д. Кырбашеванын каттары жана эскерүүлөрү. Экинчи залда Кыргызстандан 76 Советтер Союзунун Баатырынын, 30 Аскердик Даңк орденинин ээлеринин, 12 Ленинград блокадасынан аман калгандардын, 5 концлагердин туткундарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана тылдын эмгекчилеринин сүрөттөрү жана өмүр баян маалыматтары коюлган.

1960-жылдын 1-сентябрында мектеп ачылган күндөн бери салтанаттуу жайда фотосүрөттөр кылдаттык менен сакталган экспозициялар кылдаттык менен сакталып келүүдө.

Аталган музей өсүп келе жаткан муундарга жана жаштарга патриоттук тарбия берүү максатында түзүлгөн.