Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек троллейбус башкармалыгы мамыларды сырдоодо.
Тактап айтканда, Белинский, Абдрахманов жана Жибек-Жолу көчөлөрүндө 1136 даана тирөөч мамы сырдалды. Учурда жумушчулар Москва көчөсүндөгү мамыларды сырдап жатат.
Эске салсак, мамыларды сырдоо иштери 3-майда башталган.
Башкармалыктын карамагында жалпы 6464 тирөөч мамы бар.
Урматтуу шаардыктар! Жарнактарды мамыларга илбөөнү суранабыз.