Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын базасында билим фестивалы өтүүдө.

Быйыл фестиваль “Таза жашоону өзүңдөн башта”, “Тазалык –өмүр булагы ”, “Тазалык –  келечектин ачкычы” деген ураан менен өтүп жатат.
Иш-чарага окуучулар гана эмес, ата-энелер да катышып, ар кандай сынактар, спорттук мелдештер, тарыхый оюндар, практикалык семинарлар, викториналар, тренингдер, квест оюндары, интерактивдүү сабактар, музыкалык программа жана башка көптөгөн нерселер уюштурулууда.

Ошондой эле университеттердин минералдардын көргөзмөсү, каллиграфия бурчу жана эмоционалдык саламаттык бөлмөсү көрсөтүлдү.
Негизги максаты – балдардын билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун, маалымат менен иштөө көндүмдөрүн, жаштайынан өз алдынча ой жүгүртүүгө умтулуусун калыптандыруу, ата-энелерди мектеп ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болуп саналат.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.