Мелдешке ишкананын 6 курама командасы өз күчтөрүн сынашты. Таң эрте башталган оюн кеч күүгүмгө чейин уланып, муниципиалдык кызматтын кызматкерлери спорттук турнирдин башкы кубогү үчүн ат салышты.
Мелдештин соңунда биринчи орунду №7- участкалык аймактын кызматкерлери жеңип алса, 2- орунду №9-участкалык аймактын кызматкерлери ээлешти. Ал эми 3- орунду №2 участкалык аймактын кызматкерлери багындырышты.
Жеңүүчүлөргө кубоктон тышкары дипломдор тапшырылды.
“Бул мелдеш ары ден-соолукту, ары ынтымакты бекемдеп, ишкананын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин»,- деди ишкананын директору Жамалбек Рысалиев.