Биринчи май районунун аймагында имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча жигердүү иштер уланууда.

Эми Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан №14 имараттын жаңыланган фасадына көңүл бөлсөңүз болот. Сырты «Партнер Нефть» ЖЧКсынын колдоосу менен оңдолду. Чүй проспектиси 162/Манас 59 дарегиндеги имараттын фасадын оңдоону «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК каржылады.

Белгилей кетсек, бирдиктүү долбоордук код "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин адистери тарабынан иштелип чыккан.

Борбор калаабыздын мэриясы директор Аваз Кидибаевге, «Партнер Нефть» ЖЧКсынын жетекчилигине жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКтын башкы жетекчилигине жана менеджери Л.Шевка Сарылар тарабынан сунуштаган борборубуздун кооздугуна колдоо көрсөтүп, акысыз салым кошкондугу үчүн терең ыраазычылык билдирет.