Борбор калаада Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган “Жеткинчек” спорттук фестивалы ийгиликтүү өттү.

Иш-чара 27-майдан 1-июнга чейин Арча-Бешик конушунун спорттук-эс алуу комплексинде өткөрүлдү.

Фестивалга спорттун 6 түрү: таэквондо, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, бокс жана кичи футбол боюнча 1 миңге жакын спортчу катышты.

Фестивалдын максаты - сергек жашоо образын жайылтуу, окуучуларды системалуу дене тарбия жана спортко тартуу, мелдештин катышуучуларынын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин мыкты спортчуларын жана командаларын аныктоо болуп саналат.

Фестивалды Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, федерациялардын президенттери: Мелис Турганбаев (күрөш), М.Сыдыков (футбол), А.Кадыров (таэквондо ГТФ)  Ф .Көлбаев (дзюдо) ачышты.

Фестиваль кичи футбол боюнча мелдеш менен башталып, ага 8 команда катышты.
Турнирдин аягында:
1-орун - ФК Алай,
2-орун - ФК Асылбаш,
3-орун - СДЮШОР СИ командасы.

Фестивалдын экинчи күнү таэквондого арналып, иш-чараны федерациянын президенти Алимбек Кадыров ачты. Балдар жана кыздар арасында 8-9 жана 10-11 жаштагы 126 спортчу бийиктик жана чекит-стоп тартиби боюнча күч сынашты.

Үчүнчү күнү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтүп, ага 10-12 жаштагы 200дөн ашык катышуучу 23 килограммдан 50 килограммга чейинки салмак категориялары боюнча катышты.

Катышуучуларды колдоо үчүн белгилүү спортчулар жана алардын машыктыруучулары келишти: Мейрамбек Ахмедов, Шухрат Ушуров, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Атабек Азисбеков.

Эркин күрөш боюнча мелдешке 23 килограммдан 50 килограммга чейинки салмакта 10-12 жаштагы 250дөн ашык бала катышты.

Ушул эле күнү 11-13 жаштагы 50 жаш мушкер рингде күч сынашты.

Дзюдо боюнча мелдешке 10-12 жаштагы 180 бала катышты. Мелдешке КРнын  дзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов жана КР Улуттук дзюдо федерациясынын калыс директору Иван Райский келишти.

Финалдык беттеште бир убакта 4 килем үстүндө дзюдо, грек-рим күрөшү, таэквондо жана эркин күрөш боюнча 1-2-орундар үчүн күрөштү. Бул күнү бокс боюнча финал да өттү.

Фестивалдын жабылышында төмөнкү номинациялар боюнча дипломдор тапшырылды:

1. Турнирдин мыкты калыстары;
2. Жеңишке болгон эрк үчүн;
3. Мыкты техника жана тактика үчүн;
4. Эң жаш чемпион;
5. Мыкты машыктыруучу.