“Наристе” Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын делегаттары Биринчи май районунун №29 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында болушту.

Санкт-Петербург, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген делегацияны Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева тосуп алды.

Жыйындар жайында Кыргызстандын жана Санкт-Петербургдун тарыхын чагылдырган биргелешкен “Тынчтык сабагы” видеоролик көрсөтүлдү.

Андан соң фестиваль мектептин спорт комплексинде уланды, анда «Шаттык» элдик үлгүлүү ансамбли, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын «Асман» ансамбли, №1 мектеп-лицейинин «Нур-Жетиген» ансамблдеринин  чыгармачылык өнөрлөрү көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Маданиятынын отличниги Абди-Жетиген Бактыгулдун жетекчилиги астында №28 мектеп-лицейинин “Нур-Жетиген”, №29 ОТК МГ хору, ошондой эле Санкт-Петербург, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген конокторго өздөрүнүн чыгармачылык таланттары тартууланды.

Катышуучулар үчүн  искусство көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук “Кара жорго” бийин аткаруу, боорсок бышыруу, улуттук тамак-аштарды тартуу боюнча мастер-класстарды көрсөтүштү.

Катышуучулар бири-бирине сувенирлерин тартуулашты.

Белгилей кетсек, “Наристе” эл аралык балдар фольклордук фестивалынын негизги максаты Кыргызстандын салттуу элдик маданиятты сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.