Октябрь акимчилигинде гранттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп, анда жалпы суммасы 5 081 388 сомдук 7 долбоордук арыз каралып, 3 172 425 сомдук грантка, 1 908 971 сом кошумча каржылоого берилген.

2022-жылдын апрелинен майына чейинки мезгилде гранттык комиссия 3 отурум өткөрдү.

Жалпысынан 11 долбоордук арыз каралып, анын ичинен дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоого 9 долбоордук арыз жактырылып, 2 долбоордук арыз кайра кароого жиберилди.

Долбоорлордун жалпы суммасы 7 564 171 сомду, гранттык каражаттардын суммасы 4 413 809 сомду, кошумча каржылоонун суммасы 3 150 362 сомду түзөт.