Балдарды коргоо күнүн майрамдоого карата №88 орто мектептин базасында Октябрь районунун шахмат боюнча мелдеши өткөрүлдү.

Иш-чарага Октябрь районунун акими  Азамат Дороев, райондун билим берүү уюмдарынын окуучулары катышты.

Турнирдин максаты - балдардын көңүлүн шахматка буруу. Ал Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.

Жеңүүчүлөр:
1-орун №64 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Осмонов Умар;
- Кубанычбеков Асылтай;
- Исабеков Эламан;
- Болотова Айдеми.
2-орун - №17 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Исаков Артем;
- Левандовский Андрей;
- Исакова Элина;
- Тапаев Татухан.
3-орун - №37 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Алыкулов Аладин;
- Исатаев Искандер;
- Нурбеков Атай;
- Жолдошбаева Шамиль.

Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.