«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы К.Ататүрк атындагы сейил багынын тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоону аяктады.

Адистер жаңы ыкма менен тирөөчтөрдүн астына бетон негиздерин куюшту. Ошондой эле калыбына келтирүү үчүн 24 эски таянычтар демонтаждалган.

Ишкананын цехинде атайын кум чачуу ыкмасы менен тазаланып, калыбына келтирилип, боёк менен сырдалды.

Эми түнкүсүн жарык болот. Электромонтерлор 24 жаңы светодиод чырактарды орнотуп, 720 метр жер астындагы кабелдик чубалгыларды тартышты.

Эскерте кетсек, Т.Турсунбаева атындагы сейил бакта дагы  жарыктандыруу иштери уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.