Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы канализациялык насостук станцияны курууга тендер жарыялады.
Станцияны «Көлмө» жана «Алтын-Бешик» конуштарында куруу пландалып, узундугу 9,63 чакырымды түзгөн магистралдык канализациялык линиялар тартылат.
Тендер чектөөсүз, эки пакеттик сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 2-июнда жарыяланган. Сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 17-июну. Тендер 53 235 685 сомго жарыяланды.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg