Алар  Ч.Айтматов  атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында “Бака ханбийке” спектаклин көрүштү.

Спектакль  ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары, ошондой эле Чернобыль окуясынын катышуучуларынын, интернационалист жоокерлердин балдары, 23 коомдук уюмдардын, реабилитациялык борборлордун жана 3 көмөкчү мектептердин  балдары  үчүн шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан  уюштурулуп,  таттуу белектерди  таратуу менен коштолду.

Ошондой эле, «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борбору менен Балдарды социалдык адаптациялоо борбору да өз тарбиялануучуларына белектер менен концерттик программа тартуулашты.
Бүгүнкү   күндө  “Айданек”  борборунда  курагы 3 жаштан 18 жашка чейинки  37 бала тарбияланууда. Балдар аталган борбордо - бир жыл же баланын маселеси биротоло чечилгенге чейин боло алышат.

Ал  эми   Балдарды   социалдык  адаптациялоо   борборунда  4 жаштан -18 жашка чейинки балдар жашашат. Борбор 70 орунга эсептелген. Бул жерде турмуштук ар кандай оор кырдаалдарга кабылган, ата-энесинин камкордугусуз  калган  балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык, медициналык, психологиялык жана педагогикалык кызматтар көрсөтүлөт.