Бишкек троллейбус башкармалыгында 2022-жылдын 1-июлунан баштап коомдук транспортко накталай эмес жол акыны киргизүү боюнча башкармалыктын айдоочулары менен «Тулпар» ишканасынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйын ишкананын жетекчиси Талант Капаровдун баяндамасы менен башталды.

Андан соң жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланып, айдоочулар кызыккан суроолорун беришти.

Жыйынга жалпысынан 100 айдоочу катышты.