Жарандардын көп сандаган кайрылуулары боюнча Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Тулпар» долбоору жана Balance.kg мобилдик капчыгы менен биргеликте акция өткөрүүдө.
Бүгүнтөн баштап, муниципалдык транспортто жол кире акысын Balance.kg мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөдө жол кире 11 эмес 5 сомду түзөт.
Balance.kg тиркемеси аркылуу төлөө үчүн төмөнкүлөр керек:
-тиркемеге кирүү;
-муниципалдык транспорттун кире беришинде жайгашкан QR кодун сканерлөө;
-төлөө.
Акция 2022-жылдын 31-декабрына чейин болот.