Силерди бүгүнкү майрамыңар менен куттуктайм! Балдарды коргоо күнүн жарым кылымдан бери жайдын алгачкы күнү белгилеп келүүдөбүз. Балдар – биздин келечегибиз, андыктан балдарыбыз үчүн камкордук көрүү бийик милдетибиз. Баарыбыз балалыктын ажайып өлкөсүнөн өскөнбүз.


Силер, кымбаттуу балдар, улуу муундун ордуна келесиңер, андыктан ата-бабалардын ыйык салттарын татыктуу уланткыла жана сүйүктүү шаарыңардын жана өлкөңөрдүн жаркын келечеги үчүн жакшы окугула. Өлкөбүздүн келечеги силердин колуңарда.
Балдарды коргоо күнү – мээримдүүлүктүн күнү. Биз күнөстүү Кыргызстанда жашайбыз, биздин өлкөбүздө балдарга эң маанилүү жана ардактуу орун ыйгарылат.


Ар дайым балдарыбыз бактылуу балалыкта өссүн, бактылуу балалык - келечектин татыктуу адамдарынан болушуна шарт түзөт.

Кымбаттуу балдар! Бүгүнкү майрам күнү бекем ден-соолук, ачык асман,  ийгилик, жаркын маанай каалайм!