"Бишкекшаалифт" муниципалдык ишканасына май айында 147 арыз келип түшкөн.

Алардын ичинен 106 муниципалдык лифттерден, ал эми мунципалдык эмес лифттерден 36 кайрылуу болгон. Лифтерлор тарабынан 5 жүргүнчүгө эвакуация жасалган.

Мындан тышкары, ишкананын  адистери  лифттердин абалын жана алардын иштөө мөөнөтүн карап текшерүү жүргүзүштү.

Төмөндөгү даректер боюнча кароо иштери жүргүзүлдү. 5-кичи район, №82 үй, 7-к/р, №35үй, Түштүк-2 №29,30,31,32 турак жай үйлөрү, Сүйүмбаев көч. №14.18, Чыгыш к/р-5, №1.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде лифттердин иштөөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, «Бишкекшаалифт» МИнын лифттик авариялык кызматына кайрылыңыздар. Тел: 43-78-48