Борбор калаанын бешинчи кичи районунда ичүүчү суунун агып чыгышын жоюу иштери жүргүзүлдү.


“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын шаардык суу менен камсыздоо кызматынын адистери тарабынан №64 көп кабаттуу үйдү керектүү көлөмдө суу менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.


Суу түтүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында «Бишкексууканал» башкармалыгынын адистери ичүүчү суунун агып кеткендигин аныкташкан. Ишке атайын техника тартылган. Эки жерден траншея казылып, суу түтүгүнө  кычкач орнотулган.


МААЛЫМАТ: Бишкек шаарынын суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 1538,2 км. Салыштырсак,  Бишкектен Ошко чейинки аралык 619 км.