Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаадагы Панфилов сейил багындагы аттракциондорго билет жашына карабай бирдей болот.


Бардык аттракциондордун баасы 40 сом, «Колесо обозрения» жана  «Вращающиеся башни» аттракциондорунун акысы 70 сом.

Борбор калаанын мэриясы жаш бишкектиктерди майрамы менен куттуктап, жакшы көңүл ачууну каалайт.