Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” эл аралык балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.


Фестивалдын делегаттарын борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты.

Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө фестивалдын бардык катышуучуларына чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

«Наристе фестивалы чоң сахнага жаңы кадам  болуп калсын. Анткени, жүрөгүбүздү жакшылыкка, жарыкка, сүйүүгө, сулуулукка, бакытка толтурган чыгармачылык. Биз өз тарабыздан фестивалдын ар бир катышуучусун борборубузда жана өлкөбүздө көптөн күткөн меймандай сезиши үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди мэр.


Ошондой эле «Наристе» фестивалына катышкан өлкөлөрдүн парад-дефилеси жана жаркын номерлер менен спектакль болду.


Сахнага Казакстандан, Монголиядан, Россия Федерациясынын субъектилери – Алтай Республикасынан, Тува Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан өкүлдөр чогулуп, албетте Кыргызстандын 7 облусунан келген жамааттар кеңири өкүлчүлүк кылышты.


Балдардын “Наристе” эл аралык фольклордук фестивалынын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.