Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 1-июнь  Балдарды коргоо күнүнө карата 3 жаштан 11 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында “Жаш манасчы” шаардык сынагын Кыргыз улуттук “Манас” театрында өткөрдү.


Шаардык сынак Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий  мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында уюштурулду.


Сынакта катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтуу чеберчилиги бааланды.


Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан: Туратбеков Талгат Баш байгеге (№22 МЧББУ), Джакипова Айыма 1-орунга (№135 МЧББУ), Шерипбекова Алия 2-орунга (№30 МЧББУ), Карыбекова Алия 3-орунга (№75 МЧББУ), Асылбеков Жумадил 4-орунга (“Аруужан” БЧБ), Исмаилов Санжар 5-орунга (№124 МЧББУ) ээ болуп, жакшы даярдыктарын көрсөтүштү. Ошондой эле №№5, 37, 49, 75, 152, 181, 182 балдар бакчаларынын жаш манасчылары сынакка жигердүү катышты.


Жалпы билим берүү уюмдарынан: Кайыпкулов Муслим Баш байгеге (№42ОМ), Аманиллаев Салахидин 1-орунга (№72 МГ), Жайлообаева Азема 2-орунга (№72 МГ), Суранбаев Кантөрө 3-орунга (№56 ОМ), Бакытова Инфира 4-орунга (№3 ОМ), Нурметова Нигина 5-орунга (№1 ОМ) татыктуу болушту жана №№ 26, 51, 52, 61, 66, 86 мектептердин окуучулары сынакка жигердүү катышып, жаш манасчылар таймашы кызыктуу өттү.


Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөлөрү: манасчылар Назаркул Сейдракманов, Шайлообек Рашов, Замир Баялиев, Нурбек Талантбеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жаш манасчыларды Балдарды коргоо күнү майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Таймаштын бардык катышуучуларына сыйлыктар тапшырылып, аларды даярдаган мугалимдерине Ыраазычылык каттар берилди.


Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз улуттук “Манас” театрынын эмгек жамаатына жана транспорт менен камсыз кылган “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына терең ыраазычылык билдиришет.