5-июнда саат 8:00дөн 13:00гө чейин Ынтымак паркында борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен “Shoro Kid’s Run” массалык балдар жарышы өтөт.

Иш-чара балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган. Ага 1000 бала 2-16 жаштан баштап катышат.

Жарыштын максаты - балдарды спортко жана сергек жашоо образына тартуу.

Жарышка бардык балдар физикалык даярдыгына карабастан катыша алышат. Катышуу үчүн онлайн каттоодон өтүү керек: www.tonus.kg же офлайн дареги боюнча: Фрунзе көчөсү 300/3, “Change Fitness” рецептинде.

Бардык катышуучулар жаш категорияларына жана аралыктарга бөлүнөт, атап айтканда:

•2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка чуркашат;
•6-8 жаштагы балдар - 500 метр;
•6 жаштан 12 жашка чейинки балдар - 1 километр;
•13—16 жаштагы балдар — 3 километр.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш-чара болгон жерде тез жардам унаасы нөөмөттө болот.

Бир бала үчүн төлөм 3-июнга чейин 700 сом, ал эми 4-июнда башталгыч пакеттер берилген күнү каттоо 800 сом болот. Бул суммага төмөнкүлөр кирет: старттык номерди жана өнөктөштөрдүн белектерин камтыган рюкзак, ошондой эле марага старт болгон күнү эстелик медаль. «Орундардын саны чектелүү, ошондуктан каттоо каалаган убакта бүтүшү мүмкүн», - дешет уюштуруучулар.

Айрыкча бардык катышуучулар жана коноктор үчүн чоң старт лагери уюштурулуп, анда келгендер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле, таң эртеден баштап бийчилердин жана ата мекендик аткаруучулардын катышуусунда кызыктуу шоу-программа уюштурулат. Балдарды супербаатырлар формасындагы аниматорлор ойнотушат, ал эми иш-чаранын аягында бардык балдар жана алардын шериктери өнөктөштөр тарабынан таттулар жана суусундуктар менен сыйланышат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди кызыктуу спорт майрамына катышууга чакырабыз. “Shoro Kid’s Run” жарышы жөнүндө кененирээк маалыматты алардын tonus.kg социалдык тармактарындагы баракчаларынан, www.tonus.kg сайтынан же 0501 909 309, 0555 909 309 телефондору аркылуу биле аласыз.