Кара жыгач токоюнда I Бишкек туристтик фестивалы болуп өттү.

Көргөзмөгө 140 экспоненттерден тышкары 5 миңге жакын  борбор калаанын жашоочулары жана коноктору катышышты.

Иш-чара Кыргыз туроператорлор ассоциациясы жана Сан Хаус Тим тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Фестиваль бир нече компоненттерге бөлүнгөн. Негизги катышуучулар туристтик фирмалардын, кол өнөрчүлөрдүн, билим берүү мекемелеринин, этникалык айылдардын жана шоу-программалардын өкүлдөрү болушту.

Фестивалга борбор калаадагы туроператорлордон тышкары Ош, Алай, Каракол, Нарын жана Кыргызстандын башка облустарынын командалары катышты.

Конокторго мастер-класстарды Эдуард Кубатов (альпинизм Ассоциациясы, Эверестти багындыруучу), Виктор Линовицкий (Кыргызстандагы эң чоң көргөзмөлөрдү уюштуруучу), Рыспек Букаридинов (биринчи медициналык жардам), Улан Мухамед (туризмдеги маркетинг) жана Алтыбаева Бегимай (таштандыларды кайра иштетүү) өткөрүштү. Туризм Академиясы, Кыргыз Экономикалык Университети жана №43 кесиптик лицей туризм чөйрөсүндө өздөрүнүн окуу адистиктерин тааныштырышты.

Кийинки туризм фестивалы 2022-жылдын сентябрь айынын аягына пландаштырылган.