Эл аралык балдарды коргоо күнүн утурлай Биринчи май муниципалдык администрациясы балдарды куттуктады.
№15,19,41,49 орто мектептеринин жана №1 жатак мектебинин 150 окуучусуна «Россия» кинотеатрында фильм көрсөтүлдү.
Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын социалдык аялуу катмардагы 50 балага «Тюбетейка» чайканасында майрамдык түштөнүү уюштурулду.
Борбор калаанын мэриясы бул иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөткөн «Россия» кинотеатрынын, «Тюбетейка» чайканасынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.