№65 экологиялык-экономикалык лицейдин базасында шаардын  200 мугалими квалификациясын жогорулатууда. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университети (Уфа, Россия Федерациясы) менен биргеликте кызматташуунун алкагында 72 сааттык курстарды уюштурду.

Баяндамачылар:

Калимуллина Гузель Ибрагимовна — Кошумча билим берүү институтунун директору;
Бережная Светлана Геннадьевна - билим берүүнүн сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Беляев Максим Анатольевич - Макулдашуучу технологиялар борборунун жетекчиси;
Биктагирова Алсу Рашитовна — жалпы жана педагогикалык психология кафедрасынын доценти.
Курстун жыйынтыгында жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине сертификаттар тапшырылат.