Чыңгыз Айтматов атындагы  улуттук мамлекеттик орус драма театрында балдарды келе жаткан Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттукташты.

Спектаклдин алдында театрдын фойесинде жомок каармандарынын катышуусунда анимациялык шоу-программа уюштурулду.
Биринчи май районунан 600 бала «Бака ханбийке» балдар оюнуна чакырылган.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө район акиминин орун басары Аида Рысбаева  балдарды майрамы менен куттуктап жана аларга ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Спектакль аяктагандан кийин салт боюнча бардык балдарга таттуу  балмуздак таратылды.

Муниципалдык администрация бул спектаклди өткөрүүгө көмөк көрсөткөн Орус драма театрынын жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдирет.

Эске салсак, Эл аралык балдарды коргоо күнүн утурлай майрамдык иш-чаралардын программасы даярдалган:

- райондун 150 окуучусу «Россия» кинотеатрына 2022-жылдын 30-майында саат 10:00дө барышат.

- Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында 1-июнда саат 09:00дө сынактар жана эстафеталар, флешмоб, күтүүсүз белектер менен интерактивдүү шоу ж.б.у.с.аниматорлордун катышуусунда уюштурулат.

-150 бала И.Панфилов атындагы сейил бакка саат 13:00дө  барат, алар үчүн асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулат.