30-майдан 8-июнга чейин Бишкекте “Наристе” II Эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтөт.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Россия, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан балдар фольклордук топтору катышат.

Фестивальдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу.

Иш-чаранын алкагында биздин республиканын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланат.
Мастер-класстар, ачык асман астындагы ачык сабактары уюштурулат, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда.

31-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында өтүчүү расмий ачылышында Казакстандан, Монголиядан, Россия Федерациясынан, Алтай Республикасынан, Тува Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан келген командалардын жаркын оюну тартууланат жана албетте биздин командалар өздөрүн кеңири тааныштырышат.

Маалымдама: 2018-жылы 25-апрелден 2-майга чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын борбор калаасынын негизделгенинин 140 жылдыгын майрамдоого карата биринчи Эл аралык “Наристе” балдардын фольклордук фестивалы өткөн. Ага 6 өлкөнүн: CIOFFке мүчө болгон Венгрия, Индия, Италия, Казакстан, Россия жана Түркиянын өкүлдөрү жана Эл аралык Дельфий жана Парадельфий оюндарынын жеңүүчүлөрү катышышкан. Бул фестиваль азыртадан эле Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүгүнө айланып, биздин чыгармачыл коллективдердин ортосундагы кызматташтыктын географиясын бир топ кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.