“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-майда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.
Сельский суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.
Таза сууну өчүрүү аймагы: Анкара - Рухий-Мурас, Тунгуч кичи району (батыш тарабы), анын ичинде: №181 бала бакча, Тунгуч 21/1, №73 ортомектеп, Рухий-Мурас конушундагы №92 орто мектеп, ошондой эле " 44 га" конушу.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууларын суранат.