Октябрь районунда Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Даир Асановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

Эскерүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Октябрь административдик районунун башчысы Азамат Дороев, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Даир Асановдун уулу Дамир Асанов, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин Бишкек шаары  боюнча союзунун төрагасы Мелис Бейшеев, ошондой эле райондун ардагерлери жана тургундары келишти.

Даир Асанович Асанов окуу процессине, тарбиялоо ишине көңүл буруп, өсүп келе жаткан муундун тарбиясына зор салым кошту. Анын жетекчилиги астында жакшы окуу-материалдык база түзүлгөн: окуу корпусу, спорт залы, китепкана, лабораториялар, клуб, бассейн, медициналык жай жана ашкана.

Ал республика боюнча дыйкандардын, чабандардын балдары РСШИДЕ окууга мүмкүнчүлүк алышынын демилгечиси болгон. Даир Асанович Асанов республика боюнча билимдин мыкты педагогдорун жана тарбиячыларды чогултуп ийгиликтүү окуучуларды тарбиялап чыккан. 1994-жылы РСШИ Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов (КНВЛ) атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи деп аталып калган.

1986-жылдан бери РСШИ-КНВЛ дубалында 3500дөн ашык тарбиялануучулар билим алышкан, алардын ичинен 14 окуучу алтын жана күмүш медалдар менен аяктаган.

Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Даир Асанович Асанов жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоо максатында өзүнүн патриоттуулугун, мекенге болгон берилгендигин жана сүйүүсүн, аскердик парзын жөнүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышуу тажрыйбасын «Военно-патриотическое воспитание молодежи», «Ради жизни на земле», «Святой долг и призвание командира»  аттуу китептерине жазып калтырган.
Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь районунун түштүк бөлүгүндө Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Даир Асановдун урматына Д.Асанов атындагы жениш сейил багы аталган.

Кыргызстанга ишеним жана чындык менен кызмат кылгандыгын  жана ал кыргыз элине үлгүлүү, мугалим жана насаатчы болуп кала берет.