Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен легендарлуу “Алга” футбол клубуна Мирлан Айталы жетекчи болду.

Ал «Себат» кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү.  Борбордук Азиядагы Америка университетинде бакалавр даражасын алган.  Ошондой эле ал Лондон LEICESTER COLLEGE OF PROFESSIONAL STUDIES Изилдөөлөр колледжинде бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 2002-жылы «КООРТ» ЖАКсында маалымат кызматынын кабарчысы жана спорт журналисти болуп иштөөдөн баштаган.

2005-2006-жылдары кабарчы жана диктор   болуп иштеген.
2018-жылдын май айынан бери «Бешинчи канал» ЖАКнын аткаруучу директору, «Борбор» жана «Ойбүгүн» теледолбоорлорунун алып баруучусу.

Маалымдама: “Алга” СССР маалынан бери Кыргызстанда белгилүү жана күчтүү клуб болуп, СССРдин чемпионатына тынымсыз катышып, Биринчи лигада жалпысынан 27, Экинчи Лигада 16 сезон өткөргөн. “Алга” – Экинчи Лигада турнирди жеңип, Биринчи Лигада бирден ашык сезон ойногон жалгыз кыргызстандык клуб.

2008-жылдан 2014-жылга чейин Лондондун Фулхэм футбол клубунун системасында толук эмес иштеген (Fulham FC).