Жарандар муниципалитетке жашыл аянттарды эсепке алууда жардам беришет.
Бүгүнкү күндө Эмен паркындагы бак-дарактарды электрондук инвентаризациялоо иштери аяктады.

Эске салсак, биринчи жолу электрондук инвентаризация былтыр июнь айында Эмен паркында жүргүзүлүп, алгачкы 100 эмен катталган. Бардык процесс «Арча» КФнын координаторунун жана ишкананын башкы агрономунун жетекчилиги астында өттү.

Азыр шаардын 2000 жашыл жашоочусунун «медициналык картасы» бар, алар бак-дарактардын саны, геолокациясы, түрү, сугарылышы жана абалы тууралуу маалыматтарды киргизишкен. Бул программанын аркасында «Бишкекжашылчарбанын» кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды алдын ала эсептеп чыга алышат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз биздин ишибизге кошулууга даяр болсоңуз жана шаардагы бак-дарактарды инвентаризациялоо эмне үчүн жүргүзүлүп жатканын билгиңиз келсе: 0703 483 777 номуруна чалыңыз. Инвентаризациянын биринчи этабы кантип ишке ашырылганын, шаарда кандай кызыктуу ачылыштарды жасаганыбызды, кандай кыйынчылыктарга дуушар болгонубузду жана алар кантип чечилгенин билесиз. Шаар бактарын инвентаризациялоо боюнча өзүбүздүн жана эл аралык тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз жана демилгени ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарыбызды аныктайбыз.