“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жыйындар залында  Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистери, пресс-кызматкерлери үчүн "Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориясы жана практикасы", “Иштиктүү кыргыз тили” аталыштагы кыска мөөнөттүк окуу курсу уюштурулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү кыска мөөнөттүк окуу курсун уюштуруп, аны филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева өттү.

Аталган окутуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21- ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын" ишке ашыруу максатында өткөрүлгөндүгүн белгилейбиз.