Борбор калаада “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жолдорду оңдоо иштери уланууда.

Шералиев көчөсүнүн Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш кызуу жүрүп жатат.

Жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген архитектуралык-пландоо шарттарынын (АПШ) негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 1,674 км, жүрүүчү бөлүгү төрт тилкелүү, туурасы 14 метрди түзөт. Эки тарапка туурасы 2,25 метр тротуарлар төшөлөт. Ошондой эле жолдун эки тарабына сугат арыгы тартылат.

Жол иштери 2021-жылы башталып, ушул жылдын февраль айында жол куруу иштери жанданган.

Белгилей кетсек, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин техникалык көзөмөлүндө кемчиликтер аныкталып, келишимге ылайык, 1 айдын ичинде подрядчы  тарабынан өз эсебинен жоюлат.

Ошол себептен подрядчы  жолдун Жайыл-Баатырдан Күйүковго чейинки бөлүгүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу иштерин баштады.
Оңдоп-түзөө иштерин ушул жылдын сентябрь айында бүтүрүү пландалууда.