Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында “Таберик” балдар музыкалык театрынын “Бүтүрүүчүлөр 2022” майрамдык кечеси болуп өттү.

Бүтүрүүчүлөрдү куттуктаганы Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, ата-энелери, достору келишти.

Жаш таланттарга сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды. Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери музыкалык номер, театрда сабактагы көз ирмемдерден слайд-шоу жасашып сюрприз кылышты.