Бишкекте Кривоносов көчөсүн Лев Толстойдон Тойгонбаевге чейин оңдоо иштери уланууда.

Участоктун узундугу 930 метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзөт.

Реконструкциялоонун алкагында тротуарды жана эки катмарлуу асфальт-бетонду толук алмаштыруу каралууда. Тойгонбаев көчөсүнөн батыш тарабынан Алыбаев көчөсүнө чейин ирригациялык тармак курулуп, Лев Толстой көчөсүнө чейин эки тарабына сугат тармагы тартылат.

Ошондой эле эки тарапка туурасы 1,5 метр тротуар төшөлөт.

Аталган көчөнү реконструкциялоо иштери өткөн жылдын июнь айында башталган. Анда көчөнүн бардык узундугуна асфальт-бетон төшөлмөнүн алдыңкы катмары төшөлгөн, Толстой көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин үстүнкү катмары да төшөлүп, тротуар жана ирригациялык тармактар бүткөрүлдү. Ноябрь айындагы сууктан улам иш токтоп калган.

Май айында иш кайра жанданды, азыр асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүнкү катмары төшөлүп, ирригациялык тармак жана Тойгонбаев көчөсүнөн Амосовго чейин жөө адамдар өтүүчү тротуар бүткөрүлдү. Амосов көчөсүнөн Захарьев көчөсүнө чейинки тротуарга асфальт төшөө, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу жүргүзүлүүдө.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен ишке ашырылып жаткан “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлүүдө.