Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды жарандар тарабынан сакталышы боюнча рейддер уланууда.

Тамеки чегүүгө каршы жеринде кыдырууну акимчиликтин, МАБдын, Ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жарандарына тамеки тартуунун, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” №12 Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда,  кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

9 мекеме текшерилип, бул жолу “Омор Хайям эмес”  чайканасында, Season Terace ресто-барында жана Таймс барында мыйзам бузуулар аныкталып,  бардык фактылардын негизинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тарабынан 1-беренеге ылайык 13 000 миң сом айып салуу боюнча протокол түзүлдү.

Алдын алуу иш-чаралары уланууда.

Урматтуу бизнес коомчулугунун өкүлдөрү! Мыйзамды сактоону суранабыз. Тамеки чегүүгө каршы биргелешкен күрөшүүдө, ойдогудай натыйжаларга жетишебиз.