Британ окуу борборунун базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана Оксфорд Эдупресстин Кыргызстандагы расмий өкүлдөрү кызматташуунун алкагында англис тили мугалимдери, мектеп усулдук бирикмелеринин жетекчилери үчүн усулдук семинар уюштурушту.

Англис тили мугалимдери  угуу, сүйлөө жана көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөтүүнүн принциптери, методикасы боюнча тренингдер эл аралык стандарттагы жогорку квалификациялуу тренерлер тарабынан өткөрүлдү.

Тренингдин аягында мугалимдерге сертификаттар жана жергиликтүү мазмундагы Оксфорд Эдупресстин  басмаканасынан атайы англис тили окуу китебинин комплекттери тапшырылды.