Чоң-Арык айылынын тургундары Береговая көчөсүн бойлой сквер уюштуруу өтүнүчү менен Ленин районунун акимине  кайрылышкан.

Анткени бул аймактын жашоочулары үчүн  сейилдөөчү жана эс алуучу жайлар жок.

Бүгүн район башчысы Русланбек Тагаев жеке өзү сквер курула турган жерди көрүп,  эл менен жолугуп, аймакты көрктөндүрүү маселесин талкуулады.

Жыйындын жыйынтыгында район башчысы «Чоң-Арык» МАБнын начальнигине «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте долбоорду иштеп чыгып, аянттын сметасын эсептеп, борбор калаанын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2023-жылга болгон өндүрүштүк иштеринин титулуна киргизүүнү тапшырды.