Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин  маалыматы боюнча, 11-майдан 23-майга чейин Медеров көчөсү Элебаев көчөсүнүн чыгыш тарабында унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылган.

Бул жерде «АзияСтройКомплекс» ЖЧК подряддык уюму «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин  долбооруна ылайык, жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын тартуу үчүн жер иштерине ордер алынган.

Буга байланыштуу унаалардын өтүүсү кыйындайт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун автотранспорт менен жүрүү маршруттарын алдын ала пландап алууларын суранат.