Борбор калаада ысык суу 2022-жылдын 16-майынан 16-июнуна чейин өчүрүлөт.

Тиешелүү  буйрукка (№88-р) Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө, жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.