Биринчи май районунда мыйзамсыз тосмолор жана курулуштар менен күрөш уланууда.

Акимчиликтин кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, №12 жана 13 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз тосмолорду алууда.

«Кыргызалтын» ААКнын,  «Сейтек» Балдардын жана жаштардын улуттук борборунун,  Жибек-Жол-Манас кесилишиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУнун, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын, Арабаев атындагы университетинин, Ю. Абдрахманов көчөсү №166, Ю.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор демонтаждалды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин тосмолорду демонтаждоо боюнча билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, бизнес өкүлдөрү! Жанаша жайгашкан аймактардагы тосмолорду  ыктыярдуу түрдө алууга чакырабыз.