Биринчи май райондук администрациясы менен ички иштер башкармалыгы стихиялуу соода жана коомдук тартипти сактоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүүдө.

Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтында текшерүү болду.

Натыйжада эки күч сынагыч, балмуздак жана муздак суусундуктарды сатуучу мыйзамсыз пункттар алынган. Сүрөт галереясынын аймагында түшүндүрүү иштеринен кийин көчөдөгү караоке алынып салынды.

Эске салсак, “Ала-Тоо” борбордук аянтынын алдында Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтын стихиялуу соодадан тазалоо, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча күчөтүлгөн биргелешкен рейддерди өткөрүү максатында,  Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарынын милициясынын брифинги болуп өткөн .
Көзөмөл жүргүзүү саат 18:00дөн 01:00гө чейин болот.