Бишкек шаарынын 144 жылдыгынын алкагында Биринчи май районундагы мектептердин окуучулары үчүн экскурсия уюштурулду.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева №54 мектептин окуучулары менен бирге КРнын Улуттук тарых музейине барды.

Аталган музейдеги гид катышуучуларды кыргыз элинин тарыхы менен тааныштырып, маданий мурастарга таандык экспозицияларды, этнографиялык жана археологиялык коллекцияларды көрсөттү.

Экскурсия мектеп окуучуларынын жүрөгүндө өчпөс таасир калтыра алды деп айта алабыз.

Бул иш-чара №78, №81 мектептердин окуучулары үчүн да уюштурулат.

Биринчи май районунун акимиаты Президент тарабынан кабыл алынган «Инсанды руханий-адеп жагынан өнүктүрүү жана дене тарбиялоо жөнүндө» жарлыгынын  алкагында элибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тарыхын, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын биримдигин изилдөөгө багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.