Бишкек троллейбус башкармалыгы калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде тирөөч мамыларды сырдоодо.

Эске сала кетсек, мамыларды сырдоо иштери ушул жылдын 3-майында башталган. Бишкек троллейбус башкармалыгынын балансында жалпысынан 6464 даана тирөөч мамы бар.

Урматтуу шаардыктар! Жарнактарды мамыларга илбеңиздер, алар борбордун көрүнүшүн бузууда.