Борбор калаанын мэриясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата майрамдык программа даярдады.

4-майда саат 10:00дө Д.Асанов атындагы сейил багында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Ленинград блокадачылары» коомунун катышуусунда митинг-реквием өтөт.
Ошондой эле, 4-майда саат 13:00дө 9-январь көчөсүндөгү №49 мектепте Аскердик даңк залынын ачылышы, ал эми саат 14:00дө Биринчи Май районунун  Жантөшев 115 дарегиндеги Улуттук консерваторияда  Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринин  «Кызыл гвоздика» 21-ачык шаардык фестиваль-сынагынын жыйынтыгынын гала концерти болот.

5-майда саат 11:00дө П.Лумумба 82/2 дарегиндеги Аскер институтунда “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тыл кызматкерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмеси “Жеңиш ырлар” автожүрүшүн өткөрөт.

6-майда саат 10:00дө Карульский проспектиси 12 дарегиндеги Братск көрүстөнүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган жыйын-реквием өткөрүлөт.

7-майда саат 13:00дө Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюу жана Баатырлар аллеясына театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, гүл чамбар коюу менен облустук иш-чара өткөрүлөт. Ошондой эле саат 11:00дө «Красный строитель» турак жайынын "Аул" сейил багында  Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу, саат 12:00дө Октябрь районунун «Оберег» эс алуу борборунда майрамдык салтанат болот. Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин жанындагы Республикалык кароо-сынактын жыйынтыгы жана «Достук-2022» гала-концерти өтөт.

9-майда саат 12:00дөн 16:00гө чейин Пушкин/Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган гала-концерт өтөт.
Ошондой эле бул күнү Түбөлүк оттун жанындагы Жеңиш аянтында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.