Свердлов райондук акимиатында кирешелер боюнча штабдын отуруму болуп өттү. Штабдын ишине облустук салык кызматынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, облустук каржы башкармалыгынын жетекчилери, облустун МТУнун жетекчилери, ошондой эле муниципалдык администрациянын кызматкерлери катышты.

2022-жылдын биринчи кварталында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын апрель айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды.

Райондук кызматтардын жетекчилерине кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди.