«Бишкекжашылчарбы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Карагай токой, «Ынтымак», «Жаштык», «Ден соолук» парктарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ишкана жаздын келиши менен гулзарларды отоо, чөптөрдү чабуу, гүл отургузуучу аянттарды даярдоо иштери менен алек болушууда.

Урматтуу шаар тургундары, парктагы жүрүп жаткан аракеттерге аяр мамиле кылып, жумушчулардын эмгегин баалоого чакырабыз!