Өткөн аптада борбор калаанын мэри шаардыктар менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Бишкектиктердин айрымдары борбор калаа башчысы менен жеке жолугушуу каалоосун билдиришкен. Алар үчүн муниципалитетте жолугушуу уюштурулду.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын тургундарынын 4 кайрылуусу угулду. Шаардыктар тарабынан берилген суроолор негизинен көрктөндүрүү үчүн жер бөлүп берүү, балдарга жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча болду.

Ал эми жарандардын тобу тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы каржылоо үчүн кайрылышкан. Мэр кайрылган тургундарга МЖӨ вариантын карап чыгууну сунуштады.

Эмилбек Абдыкадыров келген шаар тургундарын кунт коюп укту. Муниципалитеттин компетенциясына кирген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.