Калаа башчысы “Бишкекжашылчарба”, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, шаардык кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда эски аянтта жана сейил бактарда жолду оңдоо, таман таштарды, тышкы жарыктандырууну алмаштыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.