“Учкун” жаңы конушундагы Учкун -9 көчөсүндө магистралдык канализация тармагын куруу иштери башталды.

Тармактын узундугу 2,1 км түзүп, тендердин жыйынтыгы менен курулушту “Арай” ЖЧКсы  жүргүзөт. Куруу иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Канализациялык тармактарды куруу иштери жыйынтыкталгандан кийин, КЭР грантына “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Шабдан Баатыр проспектисинде Ауэзов көчөсүнөн чыгышты көздөй жолду реконструкциялоо иши башталат.